Президенттин Баткендеги өкүлү Арка айылынын арыз-муңун укту

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Арка айылынын эли менен жолукту. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча да маалымат жеткирилди.

Белгилей кетсек, облус башчысы чек ара аймагында окуя катталган аймактарда кырдаалды жөнгө салуу максатында жеринде көзөмөлгө алууда.

Бүгүн, 13-апрель күнү да Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүүлөр менен бирге болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан