
Ысык-Көл облусунун Арал айылынын түндүк тарабында Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, мал сарайларды, жайыт жана айдоо жерлерди суу каптоо коркунучу жаралды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине унаа жүктөгүч тартылып, суунун нугун буруу жана жээктерди бекемдөө иштери кызуу жүргүзүлүп, табигый кырсыктын алдын алуу аракеттери көрүлүүдө.
"Бул кырсык аба ырайынын кескин жогорулашына байланыштуу мөңгүлөр эрип, тоодон агып түшкөн суунун көлөмү көбөйүп, болжол менен узундугу 200-300 метр жээгин жеп, айдоо жерлеринин жана жайыттардын аянтын кыскартууга учуратканы менен турак үйлөргө коркунуч жаралган жок.
Түп суусунун норма боюнча агып кирүүсү секундасына 25 метр кубду түзсө, учурда ага салыштырмалуу болжол менен секундасына 90 метр куб суу агып кирүүдө", - дешти маалымат кызматынан.