Быйыл Казакстанда Жеңиш күнүндө парад уюштурулбайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, 2022-жылы Казакстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад пландаштырылган жок.
Ошол эле учурда коргоо башкармалыгы тарабынан пландаштырылган аскердик-патриоттук иш-чаралар жарыяланды. Өзүнчө блокто Улуу Ата Мекендик согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин сыйлоо иш-чаралары болот.