Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер мырза менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштурууну уюштуруу маселелери талкууланды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүү системасы, эмгек рыногу жана Кыргызстандын жарандарынын Германияда ишке орношууга болгон кызыгуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Элчи белгилегендей, учурда бул процесс Кыргыз Республикасында 12ге жакын жеке компаниялар тарабынан системалаштырылбаган түрдө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу Текебаев кыргызстандыктарды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.
Маркус Бирхер Германияда демографиялык кризистен жана жаш кадрлардын жетишсиздигинен улам Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиги чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан да квалификациялуу адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш жана башка. Ошол эле учурда Германияда жумушка орношуунун негизги шарттары катары, немис тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы менен бирге кесиптик дипломдун болушу талап кылынарын белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз жана герман тараптардын ортосунда тиешелүү меморандумду жакын арада түзүү маселеси макулдашылды. Анда кыргызстандык адистерди Германияга даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча конкреттүү кадамдар чагылдырылат.