Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКсынын орун басарлары жолукту. Кандай чечим кабыл алышты?

Бүгүн, 14-апрель саат 08:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу болуп өткөн. Кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев, ал эми Тажикстан делегациясын УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмонали жетектеген.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүдөй макулдашуулар жетишилген:

Чек ара чатагы учурунда чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды аларды туруктуу жайгаштыруу пункттарына алып чыгуу улантылсын;

Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө тараптардын компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, алар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

- 14-апрелде Лейлек жана Гафуров райондорунда;

- 15-апрелде Баткен жана Исфара облустарынын чегинде.

Мындан тышкары тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ичинен жоопкерчиликтүү чөйрөлөр боюнча жумушчу топ түзүлөт. Ал топтор Кыргызстан жана Тажикстан чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактоо боюнча иштерди жүргүзүшү керек.

Ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлери тарабынан чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын талаптарын так аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, делегация башчылары протоколго кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан