Өзбекстан менен алаканы чыңдоо боюнча депутаттардын өнөктүк тобу түзүлдү

Өзбекстан менен алаканы чыңдоо боюнча депутаттардын өнөктүк тобу түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү жаатындагы маселелерди талкуулашты. Парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. "Кыргызстан менен Өзбекстанды жалпы тарыхка, маданиятка жана каада-салттарга негизделген бир туугандык, достук, коңшулук мамилелер байланыштырып турат", - деп баса белгилеп, Баткен облусундагы Маргун жана Самаркандек айылдарында эки орто мектептин курулушу үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле кыргыз парламенти менен өзбек Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Муну менен катар Жогорку Кеңеште Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлүп, аны депутат Фархат Исмаилов жетектегени айтылды.

Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидов Өзбекстан парламенттер аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Ал кошумчалагандай, эки өлкөнүн парламенттер аралык комиссиясы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүнө салым кошкон. Элчи кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгын бардык тармактарда, анын ичинде парламенттер аркылуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан