Бишкекте 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсүнүн Кенсуй көчөсүнөн Дэн Сяопин кең көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Буга байланыштуу №2 жана №10 троллейбустары Фучик көчөсү аркылуу каттам жүргүзөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Шаардык мэрия калаа тургундарынан келтирилген ыңгайсыздактар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.
Аталган жолдор Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.