Эгерде Орусиянын аймагында диверсиялык аракеттер улана берсе, Орусия Украинанын чечим кабыл алуу борборлоруна сокку урат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков РИА Новости басылмасына билдирген.
"Биз Украинанын аскерлеринин Орусиянын аймагындагы объектилерге саботаж жасоо жана сокку уруу аракеттерин көрүп жатабыз. Армиябыз карманып турат. Эгер мындай көрүнүштөр улана берсе, анда Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын чечим кабыл алуу борборлоруна, анын ичинде Киевге сокку урат", - деген Конашенков.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен бирге "Восточный" космодромуна болгон сапарында Украинадагы аскердик атайын операция план боюнча жүрүп жатканын жана операциянын максаттары ишке ашарын билдирген.
Кечээ, 13-апрелде Европанын төрт өлкөсүнүн, тагыраагы Литванын президенти Гитанас Науседа, Польшанын президенти Анджей Дуда, Эстониянын президенти Алар Карис жана Латвиянын президенти Эгилс Левитс Украинанын лидери Володимир Зеленський менен жолугушуу үчүн Киевге бара тургандыгы кабарланган.