Мелдештин веложарыш этабына байланыштуу саат 07:10дон 12:30га чейин Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, ошондой эле Токтоналиев көчөсүнүн Безымяннаядан Масалиевге чейинки бөлүгү жабылат.
Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабы чыгыш багыты боюнча гана унаа кыймылы үчүн ачык болот, батыш багытындагы унаа кыймылы үчүн Ахунбаев көчөсүн бойлой жабык тилкеден айланып өтүү зарыл.
"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңузду суранабыз", - дешти мэриядан.