Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргыз спортчулары Монголияга уча албай жатканын айтты.
"Дүйнөлүк олимпиада Кыргыз мамлекетибиздин туусун көтөргөн спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы улуттун абийири. Кыргыз спортчулары дүйнөдө 5-орунга чыкты. Булар кыргыздын намысын коргоп жатышат. Бүгүн саат 11:00дө чечилиши керек болчу экен. Монголияга уча албай турат. Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго бүгүн билетке акча которулбай жатат. Финансы министрлигинде кыргыз спортун түшүнбөгөн адистер отурат. Протоколдук тапшырма берели. Тез арада акча бөлүп берүү керек", - дейт Атазов.