Бейшембиге карата коронавирус илдети 3 адамдан аныкталды (статистика)

Бүгүн, 14-апрелге карата жалпы республика боюнча COVID-19 илдети 3 адамдан аныкталды. Алардын бири Бишкекте, экөө Чүйдө катталды. Жалпы илдет аныкталгандардын саны 200 973тү түздү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку суткада илдеттен бир бейтап сакайды. Муну менен жалпы 196 304 бейтап COVID-19'дан айыкты.

Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 63 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 24 бейтап бар.

Бактыга жараша, акыркы күндө коронавирустан каза болгон жарандар катталган жок. Тилекке каршы, илдет жалпы 2991 кишинин өмүрун алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан