"Улуттук банк кандай оюндарды жасап жатат?". Депутат Козуев доллардын курсу боюнча маселе көтөрдү

Депутат Алишер Козуев доллардын курсу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Улуттук банктын маалыматын угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштадык эле. Күн тартибинде жок экен. Кечээ күнү биз бул жерден сүйлөгөндөн кийин 2 саат аралыгында доллардын курсу боюнча 10 сом айырма болду. 1 доллар 92 сомдон 82 сомго түштү. Бул жалпы коомчулукта күмөн жаратат. Улуттук банк кандай оюндарды жасап жатат? Улуттук банк түшүндүрмө берип койсо жакшы болмок", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн Улуттук банктын өкүлдөрү Жогорку Кеңешке келе турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан