ЭЛДИК КАБАР: Сокулуктун тургуну таштандылар өз убагында жыйналбаганына даттанды

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну кайрылды.

Окурман Сокулукта жолдордун абалы кейиштүү экенине, канализациянын суусу көчөдөн агып, жагымсыз жыт пайда кылып жатканына даттанды.

"Жолдордун абалы начар. Жарымына чейин асфальтталып, калганы бүтпөй калган. Канализациянын суусу көчөдөн агып, жагымсыз жыт пайда кылат. Жыл сайын жасайбыз, кыйратабыз деп алдап келишет. Таштандылар өз убагында жыйналбайт",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Сокулуктун тургуну таштандылар өз убагында жыйналбагына даттанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан