
Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, каттам аптасына 1 жолу, тагыраагы жекшемби күнү аткарылат.
"Уральские авиалинии" авиакомпаниясы 20-апрелден баштап «Красноярск-Бишкек-Красноярск» багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Аталган авиакомпания 2022-жылдын 10-апрелинен баштап "Иркутск-Бишкек-Екатеринбург" багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Каттам аптасына 1 жолу, тактап айтканда бейшемби күндөрү аткарылууда.