Өлкөдө дары-дармек канча пайызга кымбаттаганы айтылды

Өлкөдө дары-дармек 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда дары-дармектер 5-20 пайызга чейин кымбаттаган.

"Дары-дармек 5-20 пайызга чейин кымбаттады. Ага импорттоочу өлкөлөрдө дүң баанын өсүшү, логистиканын кымбаттыгы себеп болду. Мындан сырткары доллардын курсунун туруксуздугу баанын өсүшүнө шарт түздү", - деди ал.

Ошону менен катар ал өлкөдө дары-дармектин жетиштүү запасы бар экендигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү дары-дармектин 97 пайызын импорт аркылуу алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан