"Эркелеткенде ой, мой лопушок дейт". Алымкадыр Бейшеналиев эмне себептен жаман сөз колдонорун айтты

Бүгүн, 14-апрелде "Ала-Тоо" аянтында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо мекемелерине жаңы унаалардын ачкычын тапшырды.

Анда Бейшеналиев министрлер кабинети аны ордунда калтыруу чечимин кабыл аларын айтты.

"Өкмөт мени карайт дагы ордумда калтырат. Себеби Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жатат. Эскертүү же сөгүш бериши мүмкүн", - деди министр.

Мындан тышкары Алымкадыр Бейшеналиев ал жаман сөз менен айткандардын баары кетип жатканын айтты.

"Сиз деле аялыңызга 2-3 жолу айтсаңыз укпаса "жаман аял экенсиң" дейсиз да. Ошондой эле мен 10 жолу айтканымды угушпаса жаман сөз менен айтыш керек да. Жаман сөз айткандарымдын баары кетишти. Ал эми эркелеткенде "ой, мой лопушок" деп эркелетет", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан