Депутат менчикке өтүп кеткен социалдык имараттарды мамлекетке кайтаруу керектигин айтты

Депутат Айбек Осмонов менчикке өтүп кеткен социалдык имараттарды мамлекетке кайтаруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Ош шаарындагы наристелердин 70 пайызы бала бакчага барбай турганын белгиледи. "Бирок көпчүлүк бала бакчалардын имараты жана жер тилкелери оорукана, мейманкана, дүкөн катары иштетилип, менчикке өтүп кеткен. Бул боюнча соттук иштер жүргөнү менен соттор жеке тараптарга чечип берүүдө. Андыктан аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, менчикке өтүп кеткен социалдык имараттарды кайтарышыбыз кажет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан