Кытайдын Шанхай шаарында тарап жаткан вирус Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
"Кытайдагы вирус Кыргызстанга келиши мүмкүн. Биз бир жерде жашайбыз да, эгерде Айда жашасак келмек эмес. Биз буга 100 пайыз даярбыз", - деди Бейшеналиев.