Бишкек шаарындагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразычылык акциясына чыгууну көздөгөндөр чогулууда.
Бир нече күн мурун Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалга байланыштуу бүгүн, 14-апрелде саат 12:00дө митинг өтөөрүн кечээ айрым активисттер жазып чыгышкан.