Учурда өлкө боюнча бардык Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү иштеп жатат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
"Мен жетишпей жатам. Өлкөдөгү тиш доктурларды 30 жылдан бери эч ким текшерген эмес. Абортту жер төлөлөрдө (подвал) жасап жатышат, дарыканаларда 4-класстын билиминдеги кызматкерлер иштеп, косметикалык операцияны ашпозчулар жасап жатат. Ошондуктан ушунун баарын токтотконго силер дагы жардам бериңиздер", - деди министр.