"Манас айылынын" жери боюнча президенттин администрациясы билдирүү таратты

"Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча президенттин иш башкармалыгынан комментарий беришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

"Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы" комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштерин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары келечекте "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо "Манас айылынын" тосмолорун бузуу аракеттери болуп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан