Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакка которулушу мүмкүн

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулушу мүмкүн. Бул тууралуу мурдагы президент сот учурунда журналисттерге билдирди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранган.

"Мен №8 түзөтүү колониясына которууну сурангам. Анткени ал жактан мени карда ич кийимчен сүйрөп чыгуу кыйынга турат. Ал эми менин түшүнүгүмдө, мени №27 түзөтүү колониясына которуп жатышат", - деди Алмазбек Атамбаев.

23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок 25-мартта Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан