Москвада курулушта иштеген мигрантты плита басып калды (фото)

Москванын борборунда курулуш жүрүп жаткан маалда мигрантты плита басып калып каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-апрель күнү эртең менен Москвадагы Бригадирский тилкесиндеги курулуш объектисинде болгон. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен барган 30 жаштагы жаранды плита басып калган. Алган жаракатынан улам ал ошол жерден каза болгон.

Каза болгон адам кайсы өлкөнүн жараны экени так айтылган жок.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан текшерүү уюштурулуп, анын жүрүшүндө мыйзам талаптарынын, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышына карата баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан