Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

1-сентябрга чейин Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук акимиаты мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамды жетекчиликке алуу максатында митингдерди өткөрүү жайларын убактылуу чектөө боюнча райондук сотко кайрылган.

"Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын элчилигинин имараттарынын жанында, "Ала-Тоо" аянтында, президенттин иш башкармалыгынын жана УКМКнын имаратынын жанында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө чектөө боюнча чечимди күчүндө калтырды", - деп билдиришти мэриядан.

Бул чектөөлөр күчүнө кирди жана 2022-жылдын 13-апрелинен 1-сентябрына чейин күчүндө болот. Жарандар чогулуштарды жана митингдерди Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький сейил багында өткөрсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан