"Депутат айткандан кийин". Азия чемпиондугуна бара турган балбандарга бүгүн акча которулду

Күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган балбандардын жол киресине акча которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, балбандардын жол киресине Финансы министрлиги бүгүн, 14-апрелде акча которгон. Мамлекеттик агенттик балбандардын жол киресине керектүү сумманы март айында эле министрликке бергенин билдирди.

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргыз спортчулары Монголияга уча албай жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан