Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинада атайын операция баштагандан бери 131 учакты жок кылды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков орус басылмаларына билдирген.
Анын айтымында, согуштук операция башталгандан бери 700 учуучу аппарат, анын ичинде 448 учкучсуз аппарат жок кылынган.
"Украина менен болгон куралдуу кагылыш башталгандан бери жалпысынан 131 учак, 104 тик учак, 245 зениттик ракеталык комплекс, 448 учкучсуз аппарат, 2179 танк жана башка брондолгон унаалар, 248 ок чыгаруучу реактивдүү түзүлүш, 944 миномёт жана артиллерия куралы, ошондой эле 2088 аскердик унаа жок кылынды", - деген Конашенков.