Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков былтыр айыл чарба багытындагы 44 миңге жакын гектар жер пайдаланылбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Динара Ашимова: "Бизде Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылы канча айыл чарба жери пайдаланылган эмес?", - деп сурады.
Министрдин айтымында, былтыр 43 миң 459 гектар жер пайдаланылган эмес. "Суу барбаган, таш баскан жерлер пайдаланылбай калат" дейт ал.
"Канча жаран жер иштетейин десе үлүштөрү жок. Пайдаланылбаган жереди иштетүү үчүн кандай кампаниялар жүрүп жатат?", - деп сурады эл өкүлү.
Министр пайдаланылбаган жерлер жеңилдетилген шарт менен алыша турганын белгиледи.