Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги июнь айынан тарта жөлөк пулдарды көтөрүүнү пландап жатат. Тийиштүү токтом долбоору министрлер кабинетинин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, бүгүнкү күндө жөлөк пулдардын жогорулатылган бөлүгүн алуучулардын саны 28 639 адамды түзөт. Анын ичинен:
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар I, II, III топ – 8131 адамды;
- ата-энесинин биринен ажырган балдар – 18 820 адамды;
- баатыр-энелер – 120 адамды;
- улгайган жарандар – 1568 адамды түзөт.
Токтом долбооруна ылайык, 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жөлөк пулдардын төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу каралган:
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пул 810 сомдон 1 200 сомго чейин;
- I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
- II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
- баатыр энелер - 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
- улгайган жарандар - 1500 сомдон 2500 сомго чейин;