Ош шаардык милициясы балдарга жарамазан айтуу менен тилемчиликтин айырмасын түшүндүрүүнү ата-энелерден суранат. Ошондой эле коопсуздук чараларын эскертип турууну сунуштайт.
Башкармалыктан балдар ооз ачаар убакыттан тартып, түнкү бир оокумга чейин жол боюна чыгышып, үйлөргө, коомдук тамактануучу жайларга киришип, тамак жеп отурган адамдарга жарамазан айтышууда, айдоочуларга дагы ыңгайсыздык жаратып жатышканын айтышат. Мындан улам ата-энелерден балдарына көңүл буруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранат:
1. Жарамазан айтууга чыккан балдарга жол эрежесин сактоону эскертүү, светофорго токтой калган унаанын алдына жүгүрүп чыгуу кооптуу экенин айтуу;
2. Эгерде балдар эскертүүсүз түнкүсүн көчөгө чыгып жаткан болсо, алардын кайда жүргөнүн, ашыкча акчаны кайдан алганын жана эмнелерге коротуп жаткандыгына кызыкдар болуу;
3. Жарамазан айтып акча тапкан балдар башка балдардын зомбулугуна кабылбашы керек;
4. Коомдук тамактануучу жайларга кирип жарамазан айтуу барына эле жакпай турганын, ал жаран акча берүүгө милдеттүү эмес экендигин эскертүү;
5. Ар бир өспүрүмгө жарамазан айтуу менен тилемчилик жасоонун айырмасы тууралуу түшүндүрмө берип, жарамазан айтуунун өзгөчөлүктөрүнө, айтуу эрежелери тууралуу токтолуу.