Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 6 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү көп эгилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген насыялар менен камсыздоо маселелери талкууланууда.
Жыйында аталган маселе боюнча маалымат берген Аскарбек Жаныбеков жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча 76 пайыз күйүүчү май өлкөдө бар экенин айтты. "Быйыл 1 миллион 232 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн эгебиз. Бул былтыркыга салыштырмалуу 6,2 миң гектарга көбүрөөк”, – деди ал.