Нил Армстронг 1969-жылы Ай бетинен чогултуп алган чаң аукциондо сатылды

Астронавт Нил Армстронг тарабынан 1969-жылы Ай бетинен чогултуп алынган чаң аукциондо 500 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, аукцион бүгүн, 14-апрелде Лондондогу Bonhams аукцион үйүндө болгон. Сатып алуучу ким экендиги айтылган эмес.

Ай бетиндеги материалды чогултуу 1969-жылы ишке ашкан "Аполлон-11" космикалык кемесинин башкы максаты болгон. Анда астронавт Нил Армстронг Ай бетинен 1 килограммга жакын чаңды чогултуп алган.

Эскерте кетсек, "Аполлон-11" кемесинен кийин Айдын бетине киши буту баскан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан