Кыргызстан тузду эң көп колдонгон өлкөлөрдүн тизмесине кирет

Кыргызстан тузду көп өлчөмдө колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул туурасында инфекциялык эмес ооруларды контролдоо боюнча секторлор аралык кеңешмеде айтылганын Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдайт.

Борбордон белгилешкендей, Кыргызстандагы бардык өлүмдөрдүн 80 пайызы инфекциялык эмес оорулардан улам катталат. Алсак:

Жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун үлүшү 50 пайызды түзөт;

Өлкөнүн бойго жеткен калкынын дээрлик жарымы (43 пайызы) артериялык гипертониядан жабыркаса, көпчүлүгү (79 пайызы) гипертонияга каршы дары ичишпейт;

Эркектердин дээрлик 45 пайызы тамеки чегишет;

Ар бир бешинчи адам ашыкча салмак менен жабыркайт;

Кыргызстан тузду эң жогорку деңгээлде керектеген мамлекеттердин арасындагы тизмеге кирет.

Бүгүнкү күндө рак, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана өпкөнүн өнөкөт оорулары, ошондой эле алардын тобокелдик факторлору – тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерин зыяндуу колдонуу, зыяндуу тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн жоктугу негизги көйгөй болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан