Бишкекте жолдорду оңдоого тоскоол болгон курулуштар алынууда

Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоого тоскоол болгон курулуштар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Сыдыков көчөсү реконструкциялоого даяр. Оңдоого тоскоол болгон объектилер алынды.

Сыдыков-Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 гараж, Сыдыков-Шевченко кесилишиндеги 4 гараж, Сыдыков көчөсүндөгү №250 көп кабаттуу үйдүн темир тосмолору, Сыдыков-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор, бут кийим оңдоо жайы, Сыдыков-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода күркөсү демонтаждалды. Ошондой эле эки объекттин ээлери үч күндүн ичинде курулуштарды өз ыктыяры менен алууга макул болушту.

Маликов көчөсүн реконструкциялоого тийиш болгон объект жоюлду.

Ошондой эле Тагай-Бий-Дүйшөбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 3 бетон плита жана 3 мамы, Алыкулов-Өмүракунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңилдетилген типтеги объект демонтаждалды.

Ыктыярдуулуктун негизинде "Ала-Арча" соода борборунун жанындагы дөңгөлөктүү 4 объект жана гриль тоок саткан бир күркө, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү №1 дарегиндеги Мамлекеттик каттоонун («Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы) айланасында тосмо алып салынды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан