Депутат Балбак Түлөбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Депутаттардын берген суроолоруна сабырдуулук менен жооп бериңиз. Өтө кыйын нерселер өтүп жатат. Жайыт боюнча маселе каралып жатканда депутат Арслан Малиев сиздин орун басарларыңыздан тизмени сурап ала албай койду. Бир нерсени өткөргүңөр келсе, президенттин тапшырмасын аткарыйын десеңер биз душман эмеспиз. Баарыбыз жардам беришибиз шарт. Депутаттарды угуш керек", - деди Түлөбаев.