Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесине катышты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кеңешмеде тараптар ортосунда өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле келечектеги өнүгүү жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, өз ара түшүнүшүү жана ишеним маанайындагы натыйжалуу диалог түзүү пландары белгиленди.
Мындан тышкары соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуу маселелерине, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды.
"Орусия Федерациясы биз үчүн өнөр жай товарларын, отун-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, жыгач материалдарын, машиналарды жана жабдууларды, ветеринардык дары-дармектерди, ошондой эле жаңы технологияларды жеткирүү жаатында жагымдуу", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Ал кошумчалагандай, кыргыз тарап Орусия тараптын Кыргызстан менен үзгүлтүксүз аба каттамга чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечимин колдоого алат.
"Бүгүнкү кеңешме биздин мамилелерибизге жаңы дем берет жана комиссиянын чечимдери эки элдин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү жана жаратман мүнөзгө ээ болот деп ишенем", - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.