"Москва" аскердик кемеси Украинанын аткылоосунан улам чөгүп кетти

Орусиянын Кара деңиз флотунун "Москва" ракеталык аскердик кемеси сүйрөп бара жаткан учурда чөгүп кетти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргенин орус басылмалары жазышат.

Маалыматка ылайык, ок-дарылардын жарылуусунан өрт учурунда алынган корпустун бузулушуна байланыштуу кеме туруктуулугун жоготуп, чөгүп кеткен.

14-апрелге караган түнү Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" аскердик кемесинде башталган өрттүн кесепетинен ок-дарылар жарылып кеткенин кабарлаган. Кемедеги экипаждар толугу менен эвакуацияланган. Ал эми негизги ракеталык жабдыктар жабыркаган эмес. Кийинчерээк өрт локализациялангандан кийин кеме сүзүп калганы маалымдалган.

Өз кезегинде Киев кемени украиналык эки кемеге каршы "Нептун" ракетасы менен атканын билдирди.

"Москва" аскердик кемеси 1983-жылы пайдаланууга берилген. Анын бортунда 16 даана "P-1000 Вулкан" кемеге каршы ракеталары, суу астында жүрүүчү кемелерге каршы куралдар, ошондой эле абадан коргонуу системалары бар болчу. Кеменин экипажы 510 адамды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан