ЫР ЖАЗЫП ЖҮРӨСҮҢБҮ?
“Ыр жазып жүрөсүңбү?” деген сөздүн
Ичинде канча сүйүү, канча мээрим.
Жазганым, жазбаганым аралашып,
Аптыгып калам билбей эмне дээрим.
Дегениң – көңүлүмдү улаганың,
Дегениң – мал-жанымды сураганың.
Кимиңден уксам дагы ушул сөздү
Ар дайым жетине албай кубанамын.
“Ыр жазып жүрөсүңбү?” деген сөздүн
Ичинде канча маани, канча мазмун.
Жайында экендиги – өмүрүмдүн,
Жашылы – канча көктөм, канча жаздын.
...Бул сөздү угуш үчүн булак болуп,
Бир күнү керек көздүн ачылышы.
Кенедей жан дүйнөңө бүт ааламдын
Дабышын, толкундарын батырышың.
Сабыңдан жылтыраган ой көрүнүп,
Окурман бир күн көңүл буруш керек.
А сени мезгил, турмуш, тагдыр үчөө
Эркинче ойноп термеп туруш керек.
Жүрөгүң калбыр болуп тешилгенче,
Калемге адал кызмат кылыш керек.
А анан жыйнала албай чачылганда,
Бир күнү ушул сөздү угуш керек:
“Ыр жазып жүрөсүңбү?”.
ЫСЫК-КӨЛ
Көлдүктөн эчен суусам да,
Көлүмдөн көңүл кала элек.
Көп тунуп карап турсам да,
Көркүнө моокум кана элек.
Сапарда жүрсөң саясын
Жакалап – кыйын кол созуу.
Катташым үчүн канчада,
Себептер жакшы болсочу!
Кылайган үчүн көргөндө,
Кылгырар жашым – кымбат бу.
Ыйыксың аяк мала алгыс,
Ысык-Көл, көлүм, кымбаттуум.
Аркы жээк менен берки жээк,
Учса эгер учуп жетээр куш.
Көл көөлбүп турган ордунда,
Биз келип-кетет экенбиз.
Алыкул акын жазмакчы,
Бир андан эч ким тана элек.
Көлдүктөн эчен суусам да,
Көлүмдөн көңүл кала элек.
ТОГУЗ
Тогуз жол чыгып бир сенден,
Тогуз жол кайтсын кайрылып –
Тоом болгун! Тозсоң миң жерден
Оңой жол турсун табылып.
Сүйлөймүн десең ай-жылдыз
Жакындап келип отурсун.
Тогуздап токоч жасалып,
Тогуздап ниет кошулсун.
Кыялап үмүт кыр башын,
Сөзүңдү булак тыңдасын.
Алдыда Кудай жеңиштен
Өзүңдү ыраак кылбасын!
ТООЛОР ГАНА ИЗДЕСЕМ БАЙКАЛГАН ЖОК
Балтиканын боюнда, Балтиканын,
Кеме келип, кайрадан узап кеме...
Ээрчиген жок бул ирет мурдагыдай,
Куса деген мендеги узак неме.
Терип ташын деңиздин боюн бойлой,
Аманатын аткарып кымбатымдын.
Алыстагы көгөргөн көлүмдү ойлой,
Бир толкундап, кайрадан бир басылдым...
Сезип демин Жер-эне түндүгүнүн,
Түштүк кызын үшүткөн күз күнүнүн,
Эмнени айтат батпаган кубанычым,
Эмнеге арзыйт муңайым үшкүрүгүм.
Күүгүм кечтин сыдырым жели согуп,
Толкун уруп жээгинде шарпылдаган.
Деңиз үстү керемет ай толукшуп,
Сүрөт турду маңдайда кылкылдаган.
Кумга улаш созулган кенен мейкин,
Жарашыгы келишип жайкалган көк.
Ысык-Көлдүн жээгиндей сезилсе да,
Тоолор гана издесем байкалган жок.
* * *
Кездешпес көчөлөрдүн
Жарыгы,
Жакын жерде
Же алыста каласыңар.
Жашылы жашыл болуп короолордо
Койкоёт тушуңарда балатылар.
Дүрүлдөп турмуш өтөт,
Дүңүнөн жүктөп алып курактарды.
Ырларым жарык көргөн гезиттерден,
Мештерге керек болот от тамызгы.
Кар ак жаайт. Калың түшөт.
Кар күрөйт калакчандар.
Киши күткөн үй-бүлө тынчы кетип,
Кар күрөйт, калың күрөйт.
Кечте эмес, а таңга жуук
Калыңын калың топтоп,
Калдайган куда келет.
Кездешпес көчөлөр эй,
Жол жетпей, өмүр жетпей.
Жакының жакын бойдон,
Узагың узап кеткен.
Узундуу-кыскалуубу,
Уулдарың нускалуубу.
Убакыт желдей учуп,
Өмүрлөр кыскарууда.
Күтүүгө түтөсүңөр,
Көп учат көзүңөрдөн –
Жарыкты күтөсүңөр,
А жарык өзүңөрдө.
Келүүнүн жолу жакшы,
Кетүүнүн айбы барбы…
Күткөндөй жалгыз Күндү,
Көргөндөй жалгыз Айды –
Баарыбыз баарыңарга,
Биргебиз байланышсыз.
Көрүшүп, көрүшпөйбүз,
Тагдырга байланыштуу.
Кездешпес көчөлөр эй,
Туурасы тутам болгон.
Көрүшпөйм – өмүр жетпейт,
Көгөргөн кусам бойдо.