"Иштей албасак кетебиз". "Тазалыкка" жаңы жетекчи дайындалды

"Тазалык" ишканасына жаңы дайындалган директор Султан Алыбаев иш таштаган кызматкерлердин алдына чыгып, өзү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ал мурда УКМКда иштеген.

Жаңы жетекчи журналисттердин "Тазалыктын" ишин алып кете аласызбы деген суроосуна:

"Бүгүн биринчи күнү жумушка чыгып жатам. Эми көрөбүз. Иштей албасак кетебиз да.

Биз деле оңдойбуз деген жакшы ниетте келип жатабыз", - деп жооп берди.

Мындан тышкары ал кызматка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадров дайындаганын кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан