Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына «Балдардын укугун коргоо лигасынын» директору Назгүл Турдубекова билдирди.
"Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялык кызмат көрсөтүү жеткиликтүү эмес, кымбат. Мүмкүнчүлүгү чектелген энелер үчүн социалдык турак жай жок, акчанын баары турак жайды ижарага алууга жумшалат. Алар ошондой эле персоналдык жардамчылардын акысын көбөйтүүнү суранышууда. Анткени күнү-түнү камкордукка муктаж болгон майып балдардын иш жүзүндөгү саны учурда катталгандан бир топ жогору.
Ошондой эле ата-энелер №4 шаардык оорукананын базасында ачылган Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоо жана реабилитациялоо борборун калыбына келтирүүнү талап кылып, бүгүнкү күндө ал жоюлуп, ата-энелер балдарын каякка алып барып дарыларын билбей турушат. Алар өкмөттөн аларга көңүл бурууну суранышат", - деди ал.