Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилгенин кабарлады.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган документти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жана 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү чечими кабыл алынган.
Белгилесек, 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.