Депутат Бишкек мэриясындагы ханзаада менен ханбийкенин аттарын атады

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Бишкек мэриясында ханзаада жана ханбийке бар экенин бүгүн, 15-апрелде өткөн жыйында айтты.

Депутат социалдык маселелер боюнча жыйынында аталган башкармалыктын өкүлдөрүнөн эки айда кандай иштер аткарылганын сурады. Асанбековдун айтымында, эки бирикменин бир башкармалыкка биригишинен улам депутаттардын дарегине маданият ишмерлери, спортчулар тарабынан нааразычылыктар көп түшүп жатат.

Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Мирлан Парханов депутатта туура эмес маалымат бар экенин айтты. Парханов бөлүм мурдагыдай эле сан менен иштеп жатканын, кыскартуулар болбогонун айтты

Жаныбек Асанбеков өз кезегинде вице-мэр Виктория Мозгачеваны "ханбийке", башкармалыктын башчысы Мирлан Пархановду "ханзаада" деп атады.

"Биз сиздерди иш-чаралардан гана көрүп калдык", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан