Иш таштаган "Тазалыктын" кызматкерлери мэрдин келишин талап кылышты

Иш таштаган "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун келишин талап кылышты.

Алардын айтымында, мэрди эртең мененки саат 6дан бери күтүп жатышат.

"Эртең мененки саат 6дан бери ушул жерге (ишканага) мэрдин келишин талап кылып жатабыз. Келбей жатат. Ал өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жүрөт. Бизге мэр келсин. Ал келбесе тарабайбыз, жумушка дагы чыкпайбыз", - деп билдирди кызматкерлердин бири.

Белгилесек, кызматкерлер жаңы дайындалган жектекчиге каршы болуп ишке чыгышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан