Калкты тейлөө борборлору 9 күн катары менен иштебейт

Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 1-майдан 9-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча КТБ жана аймактар аралык башкармалыктар 10-майдан тартып иштей баштайт.

Министрлик алдыдагы дем алыш күндөрүн, документтердин даярдоо мөөнөтүн эске алуу менен даяр документтерди алуу жана документ алууга арыз тапшыруу маселелерин алдын ала кароону өтүнөт.

Паспорт берүү мөөнөттөрү:
  • ID-карта жөнөкөй тартипте - 12 жумушчу күн;
  • Жалпы жарандык паспорт - 18 жумушчу күн;
  • 16 жашка чейинки балдар үчүн жалпы паспорт - 10 жумушчу күн.
  • Паспортту шашылыш түрдө 2, 4 жана 8 күндө алса болот.
  • Борбор калаанын калкты тейлөө борборлорунда 3 саат.
Паспорт алуу үчүн каалаган КТБна, аймактар аралык бөлүмдөргө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) кайрылса болот.
Эске салсак, министрлер кабинети тарабынан 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан