Ирактын тургуну Хажи Мухейлиф Фархуд аль-Мансури мүмкүн болушунча көп балалуу болууну максат кылып, үчүнчү жолу үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 103 жаштагы карыя учурда 15 баланын жана жүздөгөн неберелердин чоң атасы. Ал экинчи аялы таштап кеткенден кийин кайра үйлөнүү той өткөрүүнү чечип, 37 жаштагы аялга үйлөнгөн. Алардын тою апрель айынын башында өткөн.
Карыянын уулдарынын бири атасы экинчи аялы таштап кеткенден кийин аны бир топ убакыт күткөнүн, бирок кайтып келберин билгенден кийин үйлөнүүнү чечкенин билдирген.
Ал эми карыя балдарынан эч нерсе талап кылбай тургандыгын айткан.
"Балдарым мени таштабасын гана тилейм", - деген карыя.