Чек ара чырында жаракат алган жаранга операция жасалышы күтүлүүдө

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатакта жаракат алган аскер кызматкери Ош шаарындагы аскер госпиталына которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкеринин абалы орточо оор.

Мындан тышкары Лейлек шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бир жабырлануучу медициналык жардам алып жатат. Абалы орточо оор. Бүгүн операция жасалышы күтүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, 12-апрелде Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.

Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёт менен атып баштаган. Саат 22:15те тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун, бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.

Саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномётту атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаган. Ошондой эле окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланган.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу чырдан 6 адам жабыркаганы белгилүү болгон.

Лейлек райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунда 3 бейтап дарылануусун улантып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан