Өткөн түнү орус армиясы тарабынан Украинанын 25 танкы жана башка техникалары жок кылынды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков брифингде билдирген.
Конашенков 24-февралдан бери Украинанын жалпы 2213 танк жана башка бронетехникасы жок кылынгандыгын билдирген. Мындан тышкары украин күчтөрү 245 зениттик-ракеталык комплексти, 966 талаа артиллериясын жана миномётторун, 249 ракета аткычтарын жана 2110 атайын аскердик техникасын жоготкон.
"Абада согушуп жаткан техникалардын ичинен Украинанын Куралдуу күчтөрү 105 тик учакты, 456 учкучсуз учуучу аппаратты жана 132 учакты жоготту", - деген Конашенков.