Сүлүктүдө тоо-таштын арасынан 43 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды
Бүгүн, 15-апрелде Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесинде 43 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган министрликтин 5 куткаруучусу каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Такталган маалыматка ылайык, маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын 1979-жылы туулган К.Н.Б. экендиги белгилүү болгон.