Путин Батыштын банктары Орусиянын энергетикалык ресурстары үчүн төлөмдөрдү кечеңдетип жатканын айтты

Владимир Путин Батыштын банктары Орусиянын энергетикалык ресурстары үчүн төлөмдөрдү кечеңдетип жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Президенттин айтымында, Европа өлкөлөрү орусиялык мунай заттан баш тартуу тууралуу тынбай айтып келет, муну менен рыногун туруксуздаштырып, өз колу менен бааны чайкап жатат.
"Орусиянын энергетикалык ресурстарын экспорттоодо төлөмдөрдү төлөөдө мүчүлүштүктөр бар. Мамилебиз салкын өлкөлөрдүн банктары төлөмдөрдү которууну кечеңдетип жатышат. Батыш өлкөлөрү орусиялык жеткирүүчүлөрдү сүрүп чыгарууга аракет кылууда, бирок биздин энергоресурстардын ордун башка жактан толтуруу бүтүндөй дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет. Кесепети өтө оор болот", - деди ал.
Ошол эле учурда алар Орусиянын мунайы менен газынан кыйгап өтө албай турганын моюндашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан