Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Октябрь районунун тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мэриядан маалымат таратышты.
Калаа башчысы эртең, 16-апрелде саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин жыйындар залында район тургундарынын суроолоруна жооп берет.
Белгилей кетсек, мэр аталган райондун тургундары менен кечээ, 14-апрелде жолугушуу өткөрмөк. Бирок калаа башчысын министрлер кабинетинен чакырып, жолугушууга бара албай калганын мэриядан билдиришкен.