
Ак таңдай акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Элмирбек Иманалиевдин бейитине эстелик тургузуу иш-чарасы болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Эл акыны
Азамат Болгонбаев тарабынан маалым болду.
"20-апрель Элмирбек Иманалиевдин каза болгон күнү эмеспи. Ошол күнү бейит жайына эстелик тургузалы деп турабыз. Эстеликтин бардык чыгымын кыргыздын мыкты уулдарынын бири көтөрдү. Ал Элмирбек Иманалиев каза болгондо пандемиядан улам (көптөр келе албай калган) келе албай калган. Кийин эстелик тургузуп берерин убадалап кеткен", - дейт ал.
Эстелик тургузуу иш-чарасы 20-апрелде саат 15:00дө "Ала-Арча" көрүстөнүндө болот.